Клеткадагы энергия өндүрүшү

1 

Митохондриянын микросхемасы

Энергия бүт тармакта адамзат үчүн мажбурлуу бир муктаждык. Технология, өнөр-жай, транспорт, байланыш сыяктуу көптөгөн негизги тармактарда эң негизги ролду ойнойт. Ушунчалык зарыл бир муктаждык болгон энергиянын наркы да, албетте, жогору. Ири дамбалар, мунайзат иштетүүчү заводдор, ал тургай, атомдук электрдик станциялар (АЭС) ушул максатта курулат. Өлкө каражаттарынын көпчүлүгү энергияга бөлүнөт. Күнүмдүк жашоодо колдонгон бир автоунаанын күйүүчү майы үчүн да канчалаган көлөмдө акча сарптайбыз.

Энергия табуу ушунчалык чыгымдуу; андай болсо, сизди алып жүргөн, ойлонушуңуздан сүйлөшүңүзгө жана басышыңызга чейин көптөгөн иштериңизди жасаган денеңиз кайсы энергияны кайсы булактан алып, кантип өндүрүп, кантип колдонууда?

Клетка жана энергия

Клетка дене муктаж болгон энергияны өндүрүү үчүн «митохондрия» деп аталган жүздөгөн кичинекей энергия станцияларынан пайдаланат. Бул станцияларда азыктардан алынган химиялык энергиялар клетка колдоно ала турган энергия пакеттерине айландырылат. Ал пакеттер АТФ (АТР) деп аталат. Клетканын ичиндеги бүт окуялар митохондрияларда өндүрүлгөн колдонууга даяр турган ушул энергия пакеттери менен ишке ашат.

Бул энергиянын наркы кандай?

Бир салыштыруу жасоо үчүн автоунааңызга күйүүчү май катары колдонгон бензинди карайлы. Бул бензин алгач жердин терең түбүнөн чийки мунайзат абалында чыгарылат. Анан кемелер менен мунайзат иштетүүчү заводдорго жеткирилет. Ал заводдордо көптөгөн татаал химиялык процесстерден соң бензин алынат. Унааңыздын мотору менен ал жерде колдонулган бензин бир-бирине туура келе тургандай кылып өндүрүлгөн. Унааңыз башка бир күйүүчү зат менен иштебейт. Ошол сыяктуу электровоздорду кыймылдаткан электр энергиясы да көп кыйынчылыктар жана чыгымдар менен дамбаларда өндүрүлөт. Бул иш үчүн гидроэлектрдик станциялар (ГЭС) курулган. Бул эки мисалда тең көп илим жана алдыңкы технологиялар колдонулууда.

Клетканын энергия станциясы

Клеткада бул жогоруда айтылгандардан алда канча жогору бир система бар. Колдонула турган энергиянын биринчи булагы – бул күн. Өсүмдүктөр күн нурларын колдонуп азык жасашат. Тагыраагы күн нурунун энергиясын өндүргөн азыктарынын ичине кампалашат. Дене болсо бул өсүмдүктөрдөн жана алар менен азыктанган жаныбарлардан алган азыктарды өтө майда бөлүктөргө бөлөт. Энергиянын чийки заты болгон бул кичинекей бөлүкчөлөр клетка тарабынан кармалып, клетканын «энергия станциясы» болгон митохондрияга алып барылат. Митохондрия бул чийки заттарды эң майда молекулаларына чейин майдалап ичтеринде сакталган энергияны чыгарат. Ал тургай, ал энергияны клетка колдоно ала турган бир «күйүүчү майга» АТФга айлантат. Клеткадагы бүт иштер ушул «күйүүчү майдын» энергиясы менен жасалат. Бул жерге чейин айтылгандар ал процесстердин өтө кыскача бир баяны гана. Митохондрия деп аталган бул станциялардагы энергия өндүрүшү учурунда өтө татаал химиялык кубулуштар болуп өтөт. Ал химиялык кереметтер миллиметрдин 100дөн бириндей болгон клетканын ичинде, б.а. кыялга сыйбас кичинекей бир жерде болуп өтүүдө.

2 

Клеткада энергия өндүрүүдө башкы ролду кычкылтек ойнойт. Энергия өндүрүүнүн дээрлик ар бир этабында көптөгөн ар кандай ферменттер кызмат кылышат. Бир этапта өз кызматын жасап бүткөн ферменттер кийинки этапта ордуларын башкаларга өткөрүшөт. Ошентип ондогон ара процесстер, ал процесстерде кызмат кылган жүздөгөн түрдүү ферменттер жана сансыз химиялык реакциялар натыйжасында азыктарда кампаланган энергия клетканын ишине жарай турган абалга алып келинет.

Демек, клетканын ичиндеги «энергия станциясын» бир мунайзат иштетүүчү заводдон же гидроэлектрдик станциядан комплекстүүрөөк деп айтууга болот.

Бул жагдай клетканын башка функциялары сыяктуу бул жерде да өтө зор бир керемет бар экенин көрсөтүүдө. Себеби бир мунайзат иштетүүчү завод мунайзаттын эмнелигин билген, чийки мунайзатты лабораторияларда анализ кылган жана ошол илимий маалыматтарды колдонгон инженерлер тарабынан курулат. Мунайзаттын эмнелигин билбеген адамдар бир мунайзат иштетүүчү завод кура алат деп ойлоо болсо, албетте, күлкүмүштүү. Бул мүмкүн эмес.

Бирок ушундай мүмкүн эмес нерсени клетканын ичиндеги энергия станциясы, б.а. митохондрия жасай алууда. Себеби клетка эне курсагында пайда болуп, көбөйөт жана анан адам денесин пайда кылат. Клетканын энергия станциясы митохондрия өмүрүндө бир жолу да тышкы дүйнөнү, бир даана өсүмдүктү да көрбөйт. Бирок, өсүмдүктүн ичиндеги энергияны кантип чыгарууну билет жана бул татаал ишти эч катасыз жасайт.

Мындай системаны митохондрия кайдан үйрөнгөн?

Негизи эч бир клетка органеллинин биологиялык бир функцияны «үйрөнүү» мүмкүнчүлүгү жок. Себеби клетканын калыптануу учурунда мындай функцияны жасай турган өзгөчөлүккө ээ болбой, кийинки жашоо процессинде муну жасай ала турган жөндөмгө ээ болуу мүмкүнчүлүгү жок. Мындай учурларда денеде тиешелүү система жашоо башталган кезден эле толук бойдон бар болушу зарыл. Антпесе энергия өндүрүүдө негизги ролду ойногон «кычкылтек» клетканы заматта талкалайт. Демек клетка пайда болгон кезде эле кычкылтектен коргой турган кемчиликсиз бир система менен да жабдылган болушу шарт. Ошондо гана өзүн жок кыла ала турган бул газды алып, анын жардамы менен эң негизги муктаждыгын, б.а. энергияны өндүрөт.

Митохондриянын максаты – бул кычкылтек колдонуу аркылуу энергия өндүрүү. Муну, жогоруда айтылгандай, кезек менен иштеген ферменттер системасысыз жасай албайт. Бул ферменттер бир жандыкта же толугу менен бар же жок. Кийинки урпакка тукум куучулук жолу менен, б.а. ДНКда жазылган маалымат аркылуу өткөрүлүшөт. Эч бир жандык өз алдынча мындай системаны үйрөнө албайт. Бул ушунчалык кылдат жасалган, татаал бир система болгондуктан, адамзат мээси да учурдагы бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп мындай системаны кура албайт.

Митохондриядагы бул керемет системанын бир учурда пайда болгон болушу керектигин эволюционист илимпоздор да кабыл алууга мажбур болушкан. Бул багытта белгилүү эволюционисттерден профессор, доктор Али Демирсойдун төмөнкү сөздөрү өтө жакшы мисал болот:

Суроонун эң негизги жери – митохондриялар бул касиетке (б.а. кычкылтекти энергия алуу механизминде колдонуу) кантип ээ болгондугунда. Себеби бир эле индивиддин да кокустуктар натыйжасында мындай өзгөчөлүккө жетиши акылга сыйбай турган ыктымалдыктардын биригишин талап кылат. Бул жерде эволюциялык бир маселе жаралууда. Клетка келечектеги абалды билип ошого ылайыкташканбы? Же ал шарттар келе электе, кокустуктар натыйжасында бул касиеттерди алып жүргөн бир клетка ийгиликтүү ыңгайлашкан беле?.. Дем алууну камсыз кылган жана ар этапта ар кандай катализаторлор катары кызмат кылган бир катар ферменттер механизмдин маңызын түзөт. Бул ферменттер жыйындысынын же баары толугу менен бир клеткада болот, же болбосо кээ бирлеринин болушунун эч мааниси болбойт. Себеби ферменттердин кээ бирлери кем болсо мындан эч натыйжа чыкпайт. Бул жерде илимий көз-карашка өтө карама-каршы келүү менен бирге, мындан да догматикалык бир түшүндүрмө жана спекуляция жасабаш үчүн бүт дем алуу ферменттеринин клетка ичинде бир жолуда жана кычкылтекке жолугаардан мурда, толугу менен пайда болгонун, кааласак каалабасак, кабыл алууга мажбурбуз.

3 

Бул сөздөр эволюциялык логиканын жеңилүү мисалдарынын бири. Бүт бул чындыктарга карабастан, эволюционисттер канчалык кабыл алгысы келбесе да, мунун бир гана түшүндүрмөсү бар: митохондрия өсүмдүктөрдүн түзүлүшүн да, адам денесин да бүт майда-чүйдөсүнө чейин билген бир акылдын Ээси тарабынан жаратылган. Башкача айтканда, митохондрияны жараткан күч «илими жагынан бүт нерсени курчаган» (Энъам Сүрөсү, 80) Аллах.

Башка бир аятта болсо бул чындык мындайча айтылат:

«Көңүл бургула; чындыгында Ал бүт нерсени ороп-курчап турат» (Фуссилет Сүрөсү, 54)

Булак:

14. Prof. Dr. Ali Demirsoy, Kalıtım ve Evrim, Meteksan Yayıncılık, Ankara, 1995, 7. Baskı, s. 94

Харун Яхьянын «Клеткадагы керемет» китебинен алынды.

Которгон Жунус Ганиев.

2015-11-15 20:20:03

Сайт жөнүндө | Негизги бет кылып тандаңыз | Тандалмаларга кош | RSS Feed
Бул сайтта жарыяланган бүт материалдарды сайтты булак катары көрсөтүү менен эч акы төлөбөстөн копиялай аласыз жана көбөйтө аласыз.
(c) All publication rights of the personal photos of Mr. Adnan Oktar that are present in our website and in all other Harun Yahya works belong to Global Publication Ltd. Co. They cannot be used or published without prior consent even if used partially.
© 1994 Харун Яхья. www.harunyahya.com
page_top
iddialaracevap.blogspot.com ahirzamanfelaketleri.blogspot.com ingilizderindevleti.net